• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаты Баткенге 3 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Баткен облусуна 3 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2 млн сом аз камсыз болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөргө берилет, ал эми 1 млн сом өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине которулат.

Нурбек Алимбеков белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон аймакта жашаган жарандар кыйынчылыктарга дуушар болду. “Алар биздин жардамыбызга жана колдообузга муктаж”, - деди ал.

Депутат кыргызстандыктарды Баткен облусунун жашоочуларына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий