• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин депутаты мектепте мугалимдин ордуна сабак өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда “Республка-Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов мугалимдин ордуна мектепте сабак өттү.

Жыргалбек Турускулов борбордогу мектептердин биринин мугалимдери менен жолугуп, аларга бекем ден соолук, чоң ийгиликтерди, узак өмүр каалап, кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Бүгүн мугалимдердин майрамы экендигине карабастан алар өздөрү иштеп жатышат. Андыктан ушул күнү мен мугалимдин ордун алмаштырып, жок дегенде анын бир сабак учурунда эс алып алуусуна мүмкүнчүлүк бергим келди”, - деп белгиледи Ж.Турускулов.

Депутат улуу класстарга сабак өттү. Сабактын башталышынын алдында Жыргалбек Турускулов мугалимди майрамы менен куттуктап, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына анын китебин тапшырды.

Депутат окуучуларга КРнын парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал Жогорку Кеңештин түзүмү, анын негизги функциялары тууралуу кененирээк айтып берди. Окуучулар ага кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты.

Сабактын аягында окуучулар ЖКнын депутаты менен алгачкы жолу сүйлөшкөнүн айтып, жолугушуу үчүн депутатка ыраазычылык билдиришти.

“Бизге ЖКнын депутатын мугалим катары көрүү жагымдуу болду”, - деди окуучулардын бири Темирлан.

Пикир

Оставить комментарий