• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго карата кылмыш иши козголду – БП

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго карата КРнын Кылмыш кодексинин 303-беренесинде (коррупция) каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, М.Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда райондук Мамлекеттик каттоо жана архитектура кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүү жана өз ара аракеттенишүү жолу менен 2010-2015-жылдар аралыгында жалпы аянты 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке турак жай курууга берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар жарандар көрсөтүлгөн жер тилкелерин 1,5 миң доллардан 3 миң АКШ долларына чейинки баада жүзөгө ашыргандыгы тууралуу түшүндүрмө беришкен.

Кылмыш ишин иликтөө КР УКМКга берилген.

Пикир

Оставить комментарий