• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Панфилов районуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Панфилов районуна иш сапары менен барып, аким, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле аймактык жер-суу адистери жана тийиштүү мекеме жетекчилери катышты.

Алгач депутат Нурланбек Азыгалиев иш сапарынын максаты тууралуу кеп кылып: "Жакында жазгы айдап-себүү жумуштары башталат. Андыктан азыртан жүргүзүлгөн даярдыктарды көзөмөлдөп, кемчиликтери болсо биргеликте талкуулап чечишибиз керек. Негизги натыйжа катары сугат суу тартыштыгын жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетишүүбүз кажет", - деди.

Ошондой эле министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган 309-токтом боюнча жергиликтүү элдин сунуш-пикирлерин угууну көздөп келгенин айткан Нурланбек Азыгалиев: "Мамлекетибиздин башкы саясаты калк турмушун жакшыртууга багытталгандыктан, ар бир чечим элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынышы шарт. Орток пикир жана биргелешкен аракет гана тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт", - деди. Муну менен катар буга чейин Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен да жолугуп келгенин маалымдаган депутат, алар да аталган токтом боюнча атайын сунуш кабыл алышканын кошумчалады.

Андан соң жыйында агрардык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыктын башчысы Айбек Бактыбеков 309-токтом боюнча маалымат берип: "Токтом айыл чарба жерлеринин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын жана рыногун өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин экспорттук потенциалын арттырууга багытталган", - деди. Андан тышкары Панфилов районунда 2 үрөнчүлүк чарбасы, 5 асыл тукум чарбасы катталганын белгилеп: "Ошондой эле 51 кооператив юридикалык документ алган. Бирок алардын 7-8и гана жыл сайын отчет тапшырып, ишмердүүлүгүн улантып келет. Ушундан улам бардык юридикалык жактар инвентаризацияланат жана ишмердүүлүгү текшерилет", - деди.

Талкуу маалында жыйын катышуучулары мамлекеттик фонддун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75%ын тактоо жана аныктоо боюнча түзүлгөн комиссияга жергиликтүү кеңештин төрагасын, депутаттарын жана жер боюнча иш алып барган аймактык адистерди кошуу зарылчылыгына токтолушту. Андан тышкары, дыйканчылыкка ылайыктуу жерлер ири чарбаларга жана кооперативдерге арзан берилип, мурдагыдай каражат түшпөй калабы деген кооптонуу болуп жатканын да кошумчалашты.

Ошондой эле Фрунзе айыл өкмөтүнүн депутаты Марат Дюшалиев токтомго өзгөртүү киргизип, 65% рентабилдүү, 10% рентабилдүү эмес жерлерди Айыл чарба министрлигине өткөрүүнү сунуштады. Айрым катышуучулар кооперативдерди түзүү шарттарын жеңилдетүүнү жана 309-токтомго тез арада өзгөртүү киргизүү менен аны колдонууга киргизүүнү жазгы айдап-себүү башталгычакты бүткөрүүнү талап кылышты. "Анткени жерлердин 75%ы чарбаларга бөлүнүп, бирок алар ала албай калса кайра аукцион менен жергиликтүү элге берилгичекти айдап-себүү иши кечигет. Кийин ал жерлер айдалбай калуу коркунучу чоң", - дешти катышуучулар.

Мындан сырткары, жолугушууда райондогу ирригация маселелери да талкууланып, аймактын суу чарбасын жакшыртууга 36 млн сом каралганы айтылды. Белгилүү болгондой райондо 128 суу кууру болсо, анын 116сы кайсы бир органга таандуулугу такталган эмес. "Андыктан аларды Суу фондуна же айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөрүү учур талабы. Ошондой эле тез арада абалы начар 114 км ички арыктарды да оңдоо мерчемделүүдө", - дешти жергиликтүү адистер.

Муну менен катар Кыргызстанга бөлүнө турган Ашмара суусунун 38%ы так өлчөнүп жаткандыгы боюнча да шектенүүлөр бар экени айтылып, бул жаатта тийиштүү иштер жүргүзүлүшү керектиги белгиленди.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев ар бир айтылган сунуш эске алынаарын билдирип: "Айрыкча 309-токтом боюнча Айыл чарба министрлигине жана Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилерине пикирлериңиздерди жеткирип, көйгөйлөрдүн чечилишин өз көзөмөлүмө алам", - деди.

Пикир

Оставить комментарий