• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутатынын уулу алдамчылыкка шектелүүдө. Ал Болгарияда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы Данияр Ибраев аттуу жарандын алдамчылык иштеринен жабыр тарткан жарандарды Тергөө кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Бишкек шаардык милициясы билдиргендей, милицияга бир нече курулуш компаниясы кайрылып, Данияр Ибраев аттуу жаран курулуш арматурасын алып келип берем деген шылтоо менен 500 млн сом алып алдап кеткен билдиришкен.

"Тергөө учурунда "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Ибраев Данияр Саматбекович аттуу жаран 2018-жылдын декабрь айынан тартып 2019-жыл аралыгында курулуш арматурасын алып келип берем деген шылтоо менен 7 жабырлануучунун ири көлөмдөгү акчасын алдамчылык жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталды. Келтирилген зыян 507 млн 352 миң сомду түзгөн", - деп билдирет шаардык милиция.

Бардык 7 учур Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (ири көлөмдө жасалган алдамчылык) каттоого алынган.

2019-жылдын 24-январында Ибраев Д.С. 7 алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы сырттан билдирилип, ошол эле күнү Свердлов райондук соту ага карата камакка алуу чечимин чыгарган.

26-январь күнү Ибраев Д.С. эл аралык издөөгө, анын ичинде Интерпол аркылуу издөөгө алынган.

Интерпол билдиргендей Ибраев Д.С. 28-февраль күнү Болгариянын бийлиги тарабынан София шаарында кармалган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

"Ибраев Д.С. аттуу жарандын алдамчылык иштеринен жабыр тарткандар болсо Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына (дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 64 а) кайрылуусун өтүнөбүз. Нөөмөт бөлүмүнүн номери 0312 43-71-68; Тергөө кызматы 0312 68-12-68 жана 0550 10-20-86", - деп билдирет шаардык милиция.

Милициядан билдиришкендей шектелүүчү Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин уулу болот.

Пикир

Оставить комментарий