• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана үч аппарат кызматкеринен коронавирус аныкталган

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппаратынын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жогорку Кеңештин беш депутаты коронавирус жуктуруп алды деген маалымат туура эмес.

“Жогорку Кеңеш алардын жеке маалыматтарын жарыя кыла албайт. Бардык бейтаптар изоляция болуп, алар менен байланышта болгондор аныкталган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө өткөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий