• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жогорку Кеңештин кароосунда турган айрым ченемдик-укуктук актылар күчүн жоготту деп таанылды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин кароосунда турган Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, күчүн жоготту деп таанылды.

Атап айтканда, 10 ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору, 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» мыйзам долбоору, 2019-жылдын 11-июнундагы № 290 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» мыйзам долбоору жана башка мыйзам долбоорлору күчүн жоготту деп таанылды.

Токтомго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий