• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан.

Натыйжада депутаттардын сунуштарын эске алып, КР Конституциясынын 83-беренесине жана “КР Жогорку Кеңешинин Регламент жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, 2021-жылдын 5-июлунан 30-июлуна чейин КР Жогорку Кенешинин кезексиз сессиясын чакыртуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий