• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды. Күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий