• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртеңкиге жылдырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-январдагы кезексиз жыйыны эртең саат 10:00гө жылдырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кезексиз жыйын кворум чогулбай калгандыгынан улам жылдырылган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгы кабарланган болчу.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Пикир

Оставить комментарий