• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Күн тартибинде эки маселе каралат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик "Ала Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Күн тартибинде эки маселе каралат.

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева журналисттерге билдиргендей, бүгүн күн тартибине өзгөчө абал режими жана өлкөдөгү жалпы кырдаал боюнча маселелер киргизилген.

"Азырынча ушул эки маселе гана күн тартибинде турат. Эгерде депутаттарда дагы пикирлер болсо, анда аларды билдирет. Бизде улуттук диалог болушу керек деп эсептейм жана бул диалог парламенттен башталышы керек", - деген Касымалиева бүгүн өлкөнүн премьер-министрине байланыштуу маселелер талкууланбай тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 5-6-октябрда болуп өткөн башаламандыктан кийин экинчи ирет кезексиз жыйынын өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий