• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын алдында төрага фракция лидерлери менен сүйлөшүүгө кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын алдында төрага Мыктыбек Абдылдаев фракция лидерлери менен сүйлөшүүгө кетти.

Буга чейин ал журналисттерге кворум чогулбай жатканынан кезексиз жыйын башталбай жатканын билдирген.

Кезексиз жыйындын күн тартибинде президенттин Бишкекте өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгын бекитүү жана өкмөттүн курамын, программасын кароо маселеси турат.

Ошондой эле жаңы депутат болуп келген Ниязбек Арзыбаев ант берип, депутаттык кызматка киришет.

Пикир

Оставить комментарий