• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады. Ошону менен катар 4-5-сентябрь күндөрүндө “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын маалымдады.

Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий