• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер каза болду

Коом 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер каза болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Эскерте кетсек, мурдараак Болот Шердин инсульттан кийин комада жаткандыгы айтылган.

Болот Шер 1959-жылы 1-майда туулган. Ал 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы Убактылуу өкмөттө ички иштер министринин милдетин аткарган.

Пикир

Оставить комментарий