• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференция катышуучулары өнүгүү долбоорлору менен таанышууда

Коом 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. КР Жогорку Кеӊешинин басма сөз кыматы тарабынан билдирилген маалыматта, «Келечектүү иштеп чыгуулар борбору» долбоору, Жогорку Кеӊештин Аппаратында аналитикалык талдоо иштеринин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү, кыргыз парламентинин стратегиялык пландарын иштеп чыгуу максатында даярдалган. Бул тууралуу Долбоордун жетекчиси Бактыбек Такенов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференциянын алкагында өнүгүүдолбоорлору менен таанышуу жүрүшүндө билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2016-жылга чейин Өнүгүү стратегиясынын алкагында парламентте Илимий-изилдөө борбору (ИИБ) түзүлгөн. Ал мыйзам актыларын иштеп чыгуунун, мыйзам чыгаруу иштерин пландоонун, мыйзам актыларын талдоонун илимий усулдарын сунуштамак. Бирок, айрым себептерден улам, ал толук ишке ашырылбай калган. Ошондон улам, азыр ИИБ иш-милдети кыйла кеӊейтилип, анын алдына парламент кызматкерлеринин ишине талдоо жүргүзүү, алардын натыйжалуулугу боюнча баа берүү сындуу бир топ тапшырмалар берилүүдө.

Ал эми «Комитет – өзгөрүүлөрдүн илдери» долбоорунда парламенттин тармактык комитеттерине жаӊычыл өзгөрүүлөрдү мыйзамдык колдоо, мыйзам долбоорлорун кароо, кабыл алынган мыйзамдар менен чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жаатындагы иштиктүү чаралар камтылган. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Султан Бокошев иш-чара жүрүшүндө билдирди. Анын пикиринде, мындай чаралар комитет жетектеген тармактардын өнүгүшүнө, алдыга коюлган милдеттердин жөнгө салынышына, мыйзамдар менен чечимдердин аткарылышын көзөмөлдүн жакшырышына түрткү берет.

Андан тышкары, конференция алкагында «Натыйжалуу катчылык» долбоору боюнча учкай маалымат берилди. Ага ылайык, бул долбоор фракциялар менен фракциялардын, депутаттар менен аппарат кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жаатында парламенттик фракциялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Долбоордун жетекчиси Алишер Жапаровдун айтымында, мындай чаралар парламенттик фракция катчылыктарынын иш натыйжалары менен сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференция катышуучуларынөнүгүү долбоорлору жөнүндө маалымдар кылуу жол-жоболору улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий