• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖКнын ОСАГО мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдыруу демилгеси негиздүү жана туура кадам - Кылжыев

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Кеңештин депутаттарынын "Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө" (ОСАГО) мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга калтыруу демилгесин колдойт. Бул тууралуу өкмөттөгү маалымат жыйынында өкмөттүн аппаратынын Каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим жыл башынан бери бир нече Кодекс жана мыйзамдардын күчүнө кириши жана анын менен катар жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдардын өсүшү менен байланыштуу. Себеби ал автоунаа ээлерине кошумча оорчулукту алып келиши ыктымал.

"ОСАГО баарынан мурда биздин автоунаа ээлерине кошумча каржы оорчулукту алып келет. Өкмөт депутаттардын анын күчүнө кирүүсүн жылдыруу демилгеси туура кадам болот деп эсептейт", - деди Кылжыев.

Эскерте кетсек, ОСАГО тууралуу мыйзам 2015-жылы 24-июлда кабыл алынып 2016-жылы 7-февралда күчүнө кирмек. Бирок 2016-жылы ал кайра 2019-жылдын 7-февралына жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий