• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин пландалган кезексиз отуруму жылдырылышы мүмкүн - парламенттин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин пландалган кезексиз отуруму кворумдун жоктугуна байланыштуу жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, депутаттар кезексиз жыйынга "Достук" мейманканасына чакырылган.

"Азырынча кворум болбой жатат. Депутаттар күтүп жатышат. Алар башка депутаттарды да кезексиз жыйынга келүүгө чакырышууда. Башка жерде депутаттардын башка тобу жыйналып, маселени талкуулап жатышат. Жыйындын өтөрү белгисиз болууда. Бүгүн кезексиз жыйын өткөрүүгө биринчи аракет жасалды. Эртең кандай болору азырынча белгисиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий