• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин көчмө жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22./Кабар/. Кечээ, 22-ноябрда Ошто Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Иш-чарага облус башчысы Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев, ЖК депутаттары, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, вице-мэри Венера Рыскулова, Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык тармагын тейлеген мекемелердин жетекчилери катышты.

Көчмө жыйында билим берүү, саламаттыкта сактоо тармагындагы маселелер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрүн чечүү, социалдык обьектилердин жаңы имараттарынын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, маданият тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин көчмө жыйыны буга чейин 20-21-ноябрь күндөрү Ош облусунун Араван жана Чоң-Алай районундорунда өттү .

Пикир

Оставить комментарий