• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК төрагасы ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Роговду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууга алынды.

Алгач төрага Талант Мамытов Алексей Роговду ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар Кыргызстан ЕККУ менен бардык багыттагы алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеген Төрага: “Анын ичинен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө, демократияны чыңдоого, коопсуздукту бекемдөөгө байланышкан маселелер өтө актуалдуу. Айрыкча COVID 19 илдетинин кесепеттерин жоюуга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыкка ээ”, – деди.

Ошондой эле Төрага Афганистандагы азыркы кырдаалга токтолуп, аталган өлкөдөгү туруктуулуктун камсыздалышы чөлкөмдөгү башка мамлекеттер үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, жакында эле Вена шаарында (Австрия) өткөн парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк V конференциясы тууралуу сөз кылган Талант Мамытов, мындай жогорку деңгээлдеги иш-чаралар глобалдык маселелердин кеңири талкууланышын шарттаган аянтча болуп берерин белгиледи.

Андан соң, ЕККУнун Кыргызстанга кылган ар тараптуу колдоосу, анын ичинен Жогорку Кеңешке көрсөткөн техникалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, ушул жылдын 28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоого уюмдун өкүлдөрүн байкоочу катары катышып кетүүгө чакырды. Муну менен катар башка мамлекеттерде өткөн шайлоолорго Жогорку Кеңештин депутаттарынын да катышуусуна жана тажрыйба алмашуусуна түзүлгөн шарттар үчүн да ыраазычылыгын айтты.

Өз кезегинде Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылыгын айтып, кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдарлыгын билдирди.

“Биз Кыргызстан менен калыптанган байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүнү көздөйбүз”,– деди Алексей Рогов.

Жолугушуу соңунда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан Жогорку Кеңешке техникалык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий