• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы акиташ чыгаруучу завод жана “Кызыл-Октябрь” айыл чарба кооперативи менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүй облусунун Кемин районундагы акиташ чыгаруучу “Шамалин-Ресурс” заводу менен “Кызыл-Октябрь” айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Шамалин-Ресурс” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) директору Руслан Абдыкадыровдун айтымында, завод суткасына 10-15 тонна акиташ чыгарууга ылайыкташкан, ал эми толук кубаттуулукта иштей баштаганда, суткасына 30 тоннага жетет. Заводдо бүгүнкү күндө 8 адам иштеп жатат. Кийин дагы 50 жумушчу орун түзүлөт. Р.Абдыкадыров: “Рынокко кирүүбүзгө акиташтын Казакстандан контрабанда жолу менен келип жактаны тоскоолдук жаратууда”,- деп, коңшу мамлекеттен акиташтын аткезчилик менен киришин көзөмөлгө алып берүүнү өтүндү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы бул маселени аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарын тапшырма берип, көзөмөлгө алаарын убада кылды.

Жумушчу сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Кемин районундагы “Кызыл-Октябрь” айыл чарба кооперативине барышты.

Аталган кооперативдин директору Искендер Мурзалиев ишкана дан эгиндеринин үрөнүн өстүрүү жана дыйкандардын айдап-себүү, оруп-жыйноо иштерине техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү менен алектенерин маалымдады. Кооперативге тиешелүү 1748 га жер аянты, 30 даана трактор, 10 эгин чабуучу комбайн, 5 жүк ташуучу машина бар. Кооперативде 69 жумушчу иштейт. Ошону менен катар, бул чарба эт жана сүт багытындагы уйларды көбөйтүү менен алектене баштаган. Учурда уйларды идентификациядан өткөрүү иштери жүрүп жатат. “Келечекте эт продукцияларын экспортко чыгарабыз, ал эми сүт продукциялары ички рынокко сатылмакчы”, - дейт кооперативдин жетекчиси.

Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков алдыга конкреттүү максат коюп иш алпарган кооперативдер, дыйкан чарбалар көп болсо элге да, мамлекетке да, ишкерлердин өзүнө да пайда түшөрүн баса белгиледи. Ал өндүрүш багытында иш алпарган жеке ишканаларды ар тараптан колдоо зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Чүй облусунун чыгыш зонасына болгон жумушчу сапарына депутаттар Бактыбек Жетигенов, Акылбек Жамангулов, Пархат Тулендыбаев, Бахадыр Сулейманов жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий