• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңештин төрагасы Чүй драмтеатрына өзүнүн фондунан 100 миң сом бөлүп берди

Маданият 0

Бишкек, 13.09.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына өзүнүн фондунан 100 миң сом бөлүп берди.

Төраганын материалдык жардамын театрдын директору Орозбек Айдаровго депутат Жылдыз Мусабекова “Тоолор кулаганда” спектаклинин бет ачарынын алдында тапшырды.

Ал Чыңгыз Айтматовдун акыркы романынын негизинде коюлган биринчи спектаклдин авторлорунун демилгесине жогору баа берди.

Дагы бир депутат Бакирдин Субанбек өзүнүн атынан эмгек жамаатына 10 миң сом берип, театрдын бардык жамаатын спектаклдин бет ачары менен куттуктады. Ошондой эле мамлекет башчысынын кеңешчиси, жазуучу жана драматург Султан Раев дагы театр жумушчуларын спектакль менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий