• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Кыргызстандын Австриядагы элчиси Б.Жусуповду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жаӊы дайындалган Кыргыз Республикасынын Австриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Вена шаарындагы ЕККУ баштаган бир катар эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Бакыт Жусуповду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков элчини жаӊы кызмат орду менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүндөгү аракети Австрия Республикасы жана Вена шаарындагы эл аралык уюмдар менен болгон өнөктөштүктү тереӊдетүүгө шарт түзөт деп ишенерин билдирди.

Ошондой эле, Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты баардык деӊгээлдеги саясий байланыштар аркылуу чыӊдоо керектигин айтты. “Парламенттер аралык алакаларды арттыруу зарыл. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлөрүнө үмүтүм чоӊ", - дейт ал.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин Төрагасы ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын алкагында да тажырыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көӊүл буруу керектигине токтолду. Ч.Турсунбеков Жогорку Кеӊеш ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, аталган Ассамблеянын 2018-жылдын күзүндөгү жыйыны Кыргызстанда өтө тургандыгына байланыштуу баардык даярдоо жана уюштуруу иштери толук камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Жогорку Кеӊеш Төрагасын аталган иш-чараны мыкты деӊгээлде өткөрүү үчүн баардык талаптар аткарыларына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий