• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжандын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргыз-азербайжан кызматташтыгына токтолуп, эки тараптуу алакалардын бардык артыкчылыктуу багыттары жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. “Ушул жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында өтө турган ТүркПАнын пленардык жыйынына Улуттук Межлис Төрагасы Октай Асадов баштаган Азербайжан парламенттик делегациясынын катышуусун кыргыз тарап кубаныч менен кабыл алат”, – дейт ал.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиришинче, эки өлкөнүн экономикалык алакасын чарбалык субъектилердин жана ишкерлердин ортосундагы тыгыз кызматташтыктын алкагында өнүктүрүүгө болот. “Биздин өлкө инвестициялык багытта да кызматташууга кызыкдар", -деген Дастан Жумабеков Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлордун ишине бардык шартттарды түзүү менен алардын мыйзамдуу иш алып барышын камсыздаарын жана колдоого алаарын баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Гидаят Оруджев убакыт бөлүп кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, Азербайжан тараптын да Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин айтты.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, маданият, экономика өңдүү ар кыл тармактардагы алакаларды арттыруу зарылчылыгы боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий