• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Казакстан тарабынан уюштурулган таймашка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен.

Төрага Нурланбек Шакиев алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап: “1200 окуучунун ичинен алдыга озуп чыгып, ийгилик жаратканыңарды укканыбызда абдан кубандык. Бул жеңиш талыкпай окуп, күнү-түнү изденгениңердин үзүрү деп билебиз. Андыктан, силердей билимдүү жаштарыбыздын бар экени өлкөбүздүн келечегинин кең экенинен кабар берет”, – деди.

Муну менен катар башка тармактар боюнча эл аралык иш-чараларда жеңишке жетишкендерди тосуп алып, даңазалоо адатка айланганын эске салган төрага мындан ары илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай эр аралык таймаштарда ийгилик жараткандарга да татыктуу көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Андан сырткары, окуучулардын жеңишине көмөктөш болуп, окуткан мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирген төрага: “Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда. Андыктан, алардын мыкты окуп, жакшы тарбия алуусу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу кажет”, – деди.

Жолугушуунун алкагында жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий