• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы Кореянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрага Талант Мамытов Ли Вонджэни Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, элчи катары эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү үчүн өзгөчө салым кошооруна ишеним артаарын кошумчалады.

Ошондой эле кыргыз-корей кызматташтыгына токтолгон Талант Мамытов: “Корея Республикасы биз үчүн маанилүү өнөктөш мамлекеттердин бири. Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун калыптангандыгына 30 жыл толду. Мындан ары да алакаларыбызды арттырып, жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз зарыл”, – деди.

Муну менен катар парламенттер аралык байланыштар тууралуу сөз кылган төрага: “Корея парламентинин Төрагасы Пак Бён Соктун быйыл Кыргызстанга жасаган иш сапары кызматташтыктын жогорку деңгээлде экенин айгинелейт”, – деди.

Андан тышкары, соода-экономикалык байланыштарга да токтолгон Талант Мамытов: “Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 100 млн АКШ долларын гана түзөт. Андыктан, бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү учур талабы”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Кореянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

“Корея Республикасы Кыргызстан менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу максаттарыбыздын бири”, – деди Ли Вонджэ. Ошондой эле элчи Талант Мамытовго Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Корея парламентинин төрагасы Пак Бён Соктун куттуктоо катын тапшырды.

Жолугушууда мындан сырткары, түз аба каттамдарын ачуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу, Кореяга айыл чарба азыктарын экспорттоо өңдүү бир катар маселелер да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий