• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Асманыбыз бүркөлбөй, түндүгүнөн күн нуру чачыраган кызыл байрагыбыз бийиктиктерде желбирей берсин! Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, кыргыз эли кырсыктардан алыс болсун! Көп улуттуу мамлекетибизде биримдиктин ыры ырдалып, наристелердин кубанычтуу күлкүсү ар дайым жаӊырып турсун!
Кыргызстан бардык улут өкүлдөрү биримдикте жашаган куттуу өлкө. Андыктан, мекенибизди сүйөлү жана аны көздүн карегиндей сактайлы.
Мамлекетибиз биз үчүн ыйык, атадан калган таберик экенин эстен чыгарбайлы. Мекен жүгүн көтөрүү ар бир азаматтын милдети. Биздин күчүбүз-биримдикте жана ынтымакта!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекеси жалпы журтка кут болсун!".

Пикир

Оставить комментарий