• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата жалпы кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бабалардан калган баалуу мурасыбыз – мамлекеттик тилибиз кылымдарды карыткан улуу тил. Бул тил менен ааламда жок океандай алп “Манас” дастаны жаралып, үрп-адат, каада-салтыбыз урпактан-урпакка уланып келди. Энелерибиздин алдей ыры менен Ала-Тоого жаңырып, Чыңгыз Айтматов чыгармалары аркылуу дүйнөгө таанылды.

Белгилей кетсек, 1989-жылы дал ушул күнү мамлекеттик тил катары таанылган эне тилибиз, өлкө тарыхын түп-тамырынан өзгөртүүгө шарт түзгөн. Өз алдынчалуу, демократиялык багытты тандап алган Кыргызстаныбыздын эгемен мамлекет катары калыптанышына жардамчы болгон. Албетте, эркиндик менен көз карандысыздыктын түркүгү катары саналган мамлекеттик тилибиз мындан ары да көп улуттуу мекенибиздин ынтымак менен биримдикте өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керек.

Кымбаттуу мекендештер!

Эне тилибиздин келечеги – элибиздин келечеги. Анткени тил – бир адамдын жашоодогу негизги мүмкүнчүлүгү гана эмес, бир элдин башкы байлыгы. Андыктан, баарыбыз мамлекеттик тилибизди аздектеп, улуттун улуу тилине айланталы. Кыргыз тили бар кезде, Кыргызстан жашай берет.

Дагы бир жолу сиздерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык каалайм. Бар болсун кылым карыткан кыргыз тили!"

Пикир

Оставить комментарий