• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңештин төрагасы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.22./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу өмүр сакчылары жана медицина тармагынын ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар - Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ден-соолук адамдын башкы байлыгы болсо, ошол асыл мүмкүнчүлүктү коргоп, аны ар убак аярлап келе жаткан ак халатчандардын эмгеги зор. Анткени дарыгерлер дайыма өмүрдү өлүмдөн арачалап, түмөн түйшүктүү кесиптин ээси катары күн-түн дебей эмгек кылышат. Билим менен тажрыйбаны айкалыштыра, берген анттарын бекем сактап, элдин саламаттыгы үчүн талыкпай иштешет. Андыктан медицина кызматкерлеринин эмгеги ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу.

Урматтуу дарыгерлер!

Эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги калкыбыздын саламаттыгына көз каранды. Андыктан, медицина кызматкерлерин колдоо, алар үчүн керектүү шарттарды түзүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Алсак, акыркы жылдары социалдык тармактын кызматкерлеринин, анын ичинен ак халатчандардын айлык маянасы жогорулатылып, мамлекет тарабынан татыктуу көңүл бурула баштады. Бирок бул чек эмес. Заманбап ооруканаларды куруу, керектүү медициналык жабдууларды алуу жана ар таратуу колдоо көрсөтүү аркылуу дарыгерлердин ишин жеңилдетүү башкы максатыбыз.

Кымбаттуу ак халатчандар жана кыргыз медицинасынын ардагерлери!

Адал эмгек, ак кызматын элдин эртеңи үчүн жумшаган өмүр сакчысы катары мындан ары да жигердүү эмгектене бериңиздер! Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр тилейм! Жакындарыңыздардын жанында, жалпы элдин кызматында аман жүрүңүздөр!».

Пикир

Оставить комментарий