• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Манас" театрынын жамаатын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КР президентинин жарлыгына ылайык түзүлгөн "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин чыгармачыл жамаатын кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жаңы маданий-агартуучулук мекемесинин уюштуруу жана иштөө маселелери талкууланып, айтуучулук-дастанчылык өнөрдү сактоо жана жайылтуу тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов руханий баалуулуктарды жана кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын жайылтууга кошкон зор салымы үчүн манасчыларга терең ыраазычылык билдирип: "Манас" эпосу биздин баалуу маданий байлыгыбыз эле болбостон, дүйнөдөгү оозеки чыгармачылыктын табылгыс үлгүсү болуп эсептелет. Андыктан аны татыктуу даңазалообуз кажет", - деди. Муну менен катар төрага Жогорку Кеңеш манасчылык өнөрдү өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде "Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу жаңы маданий мекеменин ачылышына байланышкан маалыматтар менен бөлүштү. Азыркы тапта 20 кызматкер эмгектенээрин айткан театр жетекчиси: "Биздин ишибиз дастанды өсүп келе жаткан муундарга үйрөтүүгө багытталган. Анткени ар бир өлкө жараны "Манас" эпосун билип, аны менен сыймыктанышы керек", - деди.

Пикир

Оставить комментарий