• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңештин төрагасы Жаңы жылды утурлай кат жазып кайрылган окуучу кыздын кыялын орундатты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургуну Жанекова Наргизанын үйүнө барып, балдарына Жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, буга чейин Жанекова Наргизанын 2-класста окуган кызы Мирланова Хадижа Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кат жазып, өзүнө, агасына жана инисине майрамдык белек берүүсүн өтүнгөн.

Жаңы жылды утурлай, өтүнүчтү аткарууну көздөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Хадичага планшет жана сүрөт тартууга керектүү кагаз-калем, агасына ноутбук, инисине оюнчуктарды белекке берди. Ошондой эле аталган үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү.

Жолугушууда балдарга жакшы тилектерин айтып, аларды изденип окууга үндөгөн Талант Мамытов: "Билим гана бийиктиктерге жеткирет. Андыктан, татыктуу таалим-тарбия, терең билим алууга аракет кылгыла. Ата-энеңердин гана эмес, жалпы кыргызстандыктар сыймыктана турган уул-кыздардан болгула", - деди.

Пикир

Оставить комментарий