• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгач төрага Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Бала-Чычкан айылына барып, Айылчы Иманбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Белгилүү болгондой, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1990-жылы курулуп, андан бери эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен утурумдук актоо-сырдоо иштери гана жүргүзүлүп келет. Андыктан, жалпы 46 мугалим эмгектенип, 740тан ашык окуучу билим алган мектепти толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, айрыкча жылуулук системасын жаңыртуу негизги талап.

Окуучулар үчүн түзүлгөн шарт-жагдайга токтолгон Нурланбек Шакиев башталгыч класста окуган балдарга ысык тамак берүүдө анын сапатына жана санитардык-гигиеналык талаптарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Муну менен катар төрага Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектептен да кабар алды. Алсак, 1987-жылы ишке берилген аталган мектеп дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Нурланбек Шакиев аталган мектептерди жаңылоо маселеси кечиктирилбей каралышы керектигин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл баштоо тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, окуучулар менен да баарлашып, аларды терең билим алууга жана окуткан мугалимдерине сый-урмат кылууга үндөдү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасын депутат Кундузбек Сулайманов, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий