• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК комитеттери айыл чарба министринин кызматына Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды.

Комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын баары Токтогазиевдин талапкерлиги үчүн добуш берди.

Эми Токтогазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Буга чейин айыл чарба министри кызматын Эркинбек Чодуев ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий