• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жамшитовду башкы прокурор кызматынан алуу тууралуу сунушту жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматтан алуу тууралуу сунушун колдоду.

Депутаттар журналисттерге билдиргендей, Жамшитов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Эскерте кетсек, башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Эми Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматтан алуу маселесин Жогорку Кеңеш карайт.

Пикир

Оставить комментарий