• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин сегиз комитетинин төрагаларын шайлашты.

Жыйынтыгында:

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Алиев;
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жанарбек Акаев;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымдыгына Динара Ашимова;
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагалыгына Азизбек Турсунбаев;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бактыбек Сыдыков;
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлгөн. Ага ылайык, түзүмдө сегиз комитет, үч вице-спикер болот. Төраганын орун басары болуп Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев, Улан Примов шайланды.

Пикир

Оставить комментарий