• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгач депутаттар бирдиктүү комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат ордуна төмөнкү депутаттар шайланды:

- Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков;

- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Миргүл Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев;

-Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы;

- Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов;

-Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Элдар Сулайманов;

-Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Айсара Абдибаева, Өмүрбек Бакиров, Дастан Бекешев;

- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишев.

Пикир

Оставить комментарий