• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таратылбайт - Төрага

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таратылбайт. Бул тууралуу ЖКнын VI чакырылыштагы IV сессиясынын ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып жатып ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков билдирди.

“Жогорку Кеңештин чакырылышы аягына чейин иштейт. Таратууга негиз жок”, - деп билдирди ал.

Төраганын айтуусунда, Жогорку Кеңешти таратуу эл өкүлдөрүнүн да чечими менен болот.

“Негизи парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча так жараяндар мыйзамда көрсөтүлгөн. Биздин жумушка эл баа берет. Дагы кичине күтүш керек. Биз мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштедик деп ишенебиз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий