• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы өз ишин баштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылуу аземи болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарды жаңы сессиянын башталышы менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, депутаттар эртеңден тарта парламенттин тармактык комитеттеринде иш алып барышмакчы.

Белгилей кетсек, Конституциянын 77-беренесине жана Жогорку Кеңешинин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий