• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин жаӊы депутаты Канатбек Ахмедов ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Ахмедов Канатбек Абдурашидович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Токмок шаарынын мэрлигине шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Урмат Самаевдин ордуна келди.

Белгилей кетсек, «КР Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий