• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин жабыркаган имаратынын чыгымдарын аныктоо боюнча комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу парламенттин административдик имаратында келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү сунушталып, атайын токтом кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, комиссиянын мүчөлүгүнө тиешелүү мекеме өкүлдөрү киргизилди.

Талкуу маалында төраганын орун басары Мирлан Бакиров аталган комиссия эки жума аралыгында жабыркаган мүлктөр тууралуу маалыматтарды тактоосу керектигине токтолду. Ал эми депутат Дастанбек Жумабеков Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүн да комиссияга киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий