• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын 3 судьясын кызматынан бошотту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/.Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Чынара Айдарбекова, Чолпон Осмонова менен Айсалкын Нарынбекованы кызматынан бошотуу маселесин карады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков аталган үч судьяны кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынганын маалымдады.

Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын 3 судьясын кызматынан бошотту.

Пикир

Оставить комментарий