• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. “Жалалабатэлектр” ачык акционердик коому 35/10 кВ “Рахманжан” көмөк чордонуна 6300 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторду орнотту. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Жыл сайын жаңы конуштар пайда болуп, абоненттердин саны өскөн сайын трансформаторлор кошумча кубаттуулукка муктаж болууда. “Жалалабатэлектр” ААКнын жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө кызматынын адистери Ноокен районуна караштуу 35/10 кв “Рахманжан” көмөк чордонундагы 4000 кВА трансформатордун ордуна жогорку кубаттуулуктагы 6300 кВА трансформаторун орнотушту”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган көмөк чордондон Рахманжан айыл өкмөтүндөгү жети айылдын эли электр энергия алат, тактап айтканда 2076 абонент бар. Эми “Рахманжан” көмөк чордонундагы 4000 кВА трансформатор Базар-Коргон районуна караштуу 35/10 кВ “Арсланбап” көмөк чордонундагы 2500 кВА кубаттуулуктагы трансформатордун ордуна коюлат.

Пикир

Оставить комментарий