• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖНК ГЭС боюнча келишимде КР эч нерсе жоготпойт, бирок көп пайда көрүшү мүмкүн – Зилалиев

Коом 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитетинин директору Дүйшөнбек Зилалиев Liglass Traiding CZ SPO чех компаниясы менен өкмөттүн ортосундагы келишимге пикирин билдирди.

“Бул келишимдин айланасында акыркы күндөрү чоң ажиотаж көтөрүлдү. Анын башы чех басма сөз каражаттарында башталганын белгилей кетүү керек. Бул боюнча төмөнкүлөрдү айта алам. Бул фирманы чакан ГЭСтердин курулушу боюнча тендерге катышуу билдирмесин бергенде байкадык. Коюлган 14 объектинин 10нун алды. Бюджетке сынакка катышуу үчүн 2 млн сом төлөп, 1,2 млн доллар кепилдик төлөмдү төлөгөн. Бул сумма жеңилген шартта ага кайтарылмак эмес”, -деди ал.

Мамкомитеттин башчысы сынакка катышуу үчүн компания банктык эсеби тууралуу маалыматты бергенин кошумчалады.

“Мен чех компаниясынын уруксаты жок, так санды айта албайм, келишимдин шарты боюнча бул жашыруун маалымат болуп саналат. Бирок, Кыргызстан менен келишимди ишке ашырууга зарыл каражаттан көп, абдан олуттуу сумма болгонун белгилей алам”, - деди ал.

Д.Зилалиевдин айтымында, Жогорку Нарын ГЭСи боюнча жаңы келишим россиялыктар менен түзүлгөн макулдашууга салыштырмалуу кыйла пайдалуу болду. Бардык талаш маселелер КР мыйзамдарына ылайык чечилет, эч кандай эл аралык арбитраж болбойт.

“Биз эч нерсе жоготпойбуз, бирок, өлкө көп пайда көрө алат. Чех тарап 30 банктык күндүн ичинде “РусГидрого” 37 млн доллар карызды төлөйт. Бул болжол 50 календарлык күн. Бул сумма төлөнүп, россиялыктар бардык нараазычылыктарын алышса, демек, фирма чындыгында олуттуу. Болбосо келишим автоматтык түрдө бузулат. Мен чех компаниясынын мурдагы ишмердигине баа бергим келбейт. Бирок, келишим боюнча алар Кыргызстанда келишимдин алкагында алынган мүлк же объектти күрөөгө кое алат. Мындай объекттерди өздөрүнүн гана каражаттарына кура алышпайт. Liglass Traiding CZ SPO балким, насыя алышы мүмкүн, бул алардын укугу. Бирок Кыргызстан эч нерсе жоготпойт жана жогото албайт”, - деди ал.

Комитеттин башчысы билдиргендей, бул келишим – чарбалык, ошондуктан аны саясатташтыруу же саясий кызыкчылыкта колдонуу өтө туура эмес.

“Кыргызстанда жүргөн Liglass Traiding CZ SPO өкүлдөрү эртең курулуш аянтына барууга ниеттенишүүдө. Алардын айтымында, ошондой эле, 37 млн долларды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте төгүү мүмкүндүктөрүн издеп жатышат. Жөжөнү күздө санайт демекчи, жакында баары белгилүү болот. Жогорку Нарын каскады боюнча Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына эч зыян келтирилген жок жана албетте, келтирилбейт”, - деди ал.

Булагы: tazabek.kg

Пикир

Оставить комментарий