• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку окуу жайлардагы антикоррупциялык билим берүү талкууланды

Билим 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Жогорку окуу жайлардагы антикоррупциялык билим берүү талкууланды, - деп маалымдайт Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, семинарда жогорку окуу жайлардагы антикоррупциялык билим берүүнү илгерилетүү маселелери каралды. Университеттер бул жааттагы өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, антикоррупциялык билим берүүнү жана ак ниеттик, академиялык чынчылдыкты киргизүү боюнча алдыда жасалчу кадамдарын талкуулашты. Катышуучулар билим берүү аркылуу коррупцияны алдын алуу - антикоррупциялык саясат боюнча маанилүү багыт экенин белгилешип, бул көрүнүштүн кесепеттерин жана күрөшүү механизмдерин аташты.

Семинарда ошондой эле “Антикоррупциялык саясаттын негиздери” жана “Коррупциянын алдын алуу негиздери” деп аталган окуу колдонмолору тааныштырылды.

Иш-чарага Нидерланды элчилигинин ардактуу консулу Е. Юн, Президенттин аппаратынын антикоррупциялык саясат боюнча сектор башчысы Ж. Сеитов, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу, КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А. Акматалиев, Башкы прокуратуранын өкүлү Т. Саякбаев жана “Коррупция көйгөйлөрүн жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоону изилдөө Борбор Азия институту" коомдук фондунун директору Э. Мамбеталиева катышты.

Семинар Нидерланды элчилиги тарабынан каржыланган “Билим берүү жана маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу коррупциянын алдын алуу” долбоорунун алкагында болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий