• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу турларынын графиги жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу турларынын графиги туурасында маалымат берди.

Анын айтымында, окуу жайга кабыл алуу үч турдан туруп, ар биринде тапшыруу эрежелери бирдей болот.

“Биринчи турга катышуу үчүн сынак 12-июлда башталат, арыздарды тапшыруу 14-июлда саат 14:00дө аяктайт. 15-июлда саат 10:00гө чейин окуу жайга өткөн абитуриенттердин тизмеси жаряланат. Сынактан өткөн балдар үч күндүн ичинде, башкача айтканда, 17-июлда саат 17:00гө чейин тандаган адистик боюнча окууга каалоосун тастыктоосу керек, антпесе анын орду бош деп эсептелет”, - деди ал.

Өмүров окуу жайга өткөн студент электрондук системага паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; орто жалпы билим жөнүндө күбөлүк же орто кесиптик билим жөнүндө диплом; ЖРТ сертификатынын негизги бетин тиркеши керектигин айтат. Ошондой эле окуу жылынын башында университетке ушул документтердин түп нускасы берилиши керек.

2021-2022-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго талапкерлерди тандоо жана каттоонун турларынын графиги:

- Биринчи тур 12-июндан 17-июнга чейин болот;
- Экинчи тур 19-июндан 23-июнга чейин өткөрүлөт;
- Үчүнчү тур алдын ала июль айында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий