• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II туру башталды

Билим 0

Бишкек, 27.07.20.. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру башталды. Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 29-июль саат 14:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан системага катталып, бере алат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, II тур бүткөн соң, үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

III тур 3-5-август күндөрү өтөт. Абитуриенттер 5-август саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү тапшырып бүтүшү шарт.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары, адам факторун жоюу аркылуу кабыл алуунун объективдүүлүгүн камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий