• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун V туру башталды

Билим 0

Бишкек, 23.08.20. /Кабар/. Университеттердеги келишимдик негизде билим ачуу үчүн бош орундарга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин маалыматына караганда, жалпы республикалык тестиртөөлөгө катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-августка чейин жогорку окуу жайларга тапшыра алат.

▪️22-27-август саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү берүү.

▪️28-29-август саат 17:00гө чейин ЖОЖдо билим алуу ниетин тастыктоо керек.

Кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/ сайтында катталышы керек.

Пикир

Оставить комментарий