• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди

Билим 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди (медицина жана формация адистиктеринен башкасы).

Бул чечим “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиялардагы кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынды.

“Келишимдик негизде билим алуучулар үчүн босого баллдын 105 деп белгилениши - жогорку билим алууга далаалаттанган бүтүрүүчүлөрдүн өз эсебинен окуусуна жол ачат, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик окуу жайларды колдоо болуп саналат. Ошондой эле кабыл алуудагы тоскоолдуктарды алып салат жана абитуриенттерге мүмкүнчүлүктөрдү берет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий