• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Рада Орусия менен достук келишимин токтотту

Дүйнө 0

Бишкек. 07.12.18 /Кабар/. 6-декабрда Украина Жогорку Радасы Орусия менен “Достук, кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө” келишимди токтотуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Документ үчүн 277 эл өкүлү “макул” деген добушун берди.

Мыйзам долбоору Радага 3-декабрда Украина президенти Петр Порошенко тарабынан киргизилген. Буга анын алдында орусиялык аскерлер Керч кысыгында украин кемелерин аткылап, 24 морякты кармап кетиши себеп болгон.

​Буга чейин Украина тышкы иштер министри Павел Климкин украин дипломаттары Орусия менен болгон 48 келишимди токтотконун, жакын арада дагы 40тай макулдашууну жокко чыгаруу пландалып жатканын айткан.

Украина менен Орусия ортосунда достук жана кызматташтык келишимине 1997-жылы 31-майда кол коюлган. Документте макулдашууну он жылда бир узартуу шарты каралган. Ага ылайык, Украина расмий түрдө 2019-жылдын 1-апрелинде келишимден чыгат.

6-декабрда Украина Жогорку Радасы өлкө аймагына эскертүүсүз кирип келген учурда чек арачыларга ок атууга укук берген мыйзам долбоорун дагы кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий