• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Рада украин тилин колдонуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды

Дүйнө 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Украинаны парламенти 25-апрелде украин тилин мамлекеттик тилге айлантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу 112.ua телеканалы кабарлады.

Эми украин тили жалгыз мамлекеттик тил болуп, коомдук турмуштун бардык тармактарында – билим берүү, маданият, медицина, кызмат көрсөтүү тармагында ж.б – милдеттүү түрдө колдонулуп, ага артыкчылык берилиши зарыл.

Ошол эле учурда, адамдардын жеке жашоосундагы сүйлөшүүлөрүнө бул норманын тиешеси жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузгандар жоопко тартылат.

Эске салсак, Украинанын учурдагы президенти Пётр Порошенко буга чейин аталган мыйзамга кол кое турганын билдирген. Маалым болгондой, Украинанын калкынын бир бөлүгү орус тилин күнүмдүк жашоодо колдонуп келет жана тил темасы көптөн бери талаш жараткан маселелердин бири.

Пикир

Оставить комментарий