• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку сот: А. Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюлат

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу ушул жылдын 8-ноябрында гана жоюлат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку соттон билдиришти.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен А. Келдибековго 10 млн сом өлчөмүндөгү айып пул төлөө милдеттендирилген. Бул чечимди Жогорку сот 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен күчүндө калтырган. Айып пул төлөө чечими толугу менен 2016-жылдын 8-ноябрында аткарылган.

КР Кылмыш кодексинин 76-беренесинин негизинде жеңилдетилген жаза каралган жарандын соттолгондугу жаза өтөөгө 1 жыл болгондон соң же жаза аткарылгандан кийин жоюлат. Ошентип, А.Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрында алынып салынат.

Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 46-беренесине ылайык, талапкердин шайлануу укугун чектөөчү факторлордун болушун жашыргандыгы, анын ичинде соттолгондугу, КР жарандыгынан чыккандыгы же жоготкондугу, башка өлкөнүн жарандыгына таандыгы шайлоо комиссиясы же сот тарабынан аныкталса, талапкерди каттоо жүргүзүлбөйт.

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Булагы: АКИpress

Пикир

Оставить комментарий